Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:46

Депутаттар ЖЭБ боюнча Сатыбалдиевди сурашат


Жантөрө Сатыбалдиев
Жантөрө Сатыбалдиев

Бишкек жылуулук электр борборун жаңылоого жумшалды делген 386 млн. доллардын кайда кеткенин иликтеген депутаттык комиссия мурдагы өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиевди жыйынга чакырды.

Бул тууралуу комиссия төрагасы Улан Примов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, депкомиссиянын жыйынтыктоочу отуруму 2-апрелге белгиленди. Анда депутаттар Сатыбалдиевден TBEA менен түзүлгөн 386 млн. долларлык келишим боюнча маалымат сурашат.

26-январда Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, борбор калаа беш күн жылуулуксуз калган. Мындан улам ЖЭБди жаңылоого сарпталды делген 386 млн. кайда жумшалды деген суроо жоопсуз калган. 12 депутаттан түзүлгөн комиссия буга чейин бир катар жыйын өткөрүп, ЖЭБге сатылып алынган жабдыктардын баалары алда канча кымбат көрсөтүлгөнүн аныкташкан. (UEz)

XS
SM
MD
LG