Бул тууралуу Палестин автономиясынын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Алардын маалыматына караганда, Газа сектору менен Израилдин чек арасында жөөт аскерлери менен кагылыштан он кишинин өмүрү кыйылып, дагы жүздөгөндөрү жаракат алды.
Жараат алгандардын арасында чыныгы жана желим ок тийгендери, көздөн жаш агызуучу газдан жабыркагандары бар.
Кагылышуу палестиндердин Израилдин чек арасында мерчемделген нааразылык акциясы башталып жаткан учурга туш келди.
Израил армиясынын өкүлү Рейтердин кабарчысы менен маегинде палестиндердин нааразылык жүрүшү хаос жана тополоң менен коштолгонун белгиледи.
Газа секторундагы палестиндер Израилдин чек арасында чатырларды тигүү менен алты апталык нааразылык акциясын башташууда. Алар муну менен палестин качкындарынын азыр Израил тарапта калган жерлерине кайтуусуна мүмкүндүк берилишин көздөп жатышат.
Нааразылык акциясын палестиндердин Газа секторун башкарган исламчыл ХАМАС кыймылы уюштурууда.
Мындан улам Израилдин чек арадагы аскерлеринин күжүрмөн даярдыгы күчөтүлгөн.
БУУнун эсебинде, Газа секторунун 2 миллион калкынын 1,3 миллиону качкындар же качкындардын урпактары. (UE)