Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:14

Францияда азербайжандык журналисттин аялы өлтүрүлдү


Намазов атылган жер. 30-март. Франция
Намазов атылган жер. 30-март. Франция

Франциянын түштүгүндөгү Тулуза шаарында бир нече жылдан бери жашаган азербайжандык журналистке жана анын аялына кол салуу болду.

30-мартта 39 жаштагы Рахим Намазов менен аялына белгисиз адамдар ок атып, аялы окуя болгон жерде каза тапкан.

Намазов оор жараат алып, ооруканада жатат. Ал үч баласы жана аялы менен Азербайжандагы сөз эркиндигине болгон кысымдан улам башпаанек сурап, Францияда жашап жүргөн.

Тулуза шаарынын журналисттер союзу Намазов 2010-жылдан бери ишмердигин уланткан эмес деген маалымат таркатты.

Чек арасыз кабарчылар уюмунун өкүлү Йохан Бир 30-мартта Намазовдун ишмердигин карап жатканда "Эркин Европа/Азаттык" үналгысынын мурдагы кабарчысы Хадича Исмаилова "Намазов социалдык тармакта уюшкан кылмышкерлер менен кайым айтышкан" деген маалыматты билдиргенин кошумчалады.

Жубайларга кол салуу балдарын мектептен алып келүү үчүн машинеге отуруп жаткан кезде болгон. Жалпысынан жети ок атылып, аялы дароо өлгөн. (BCh)

XS
SM
MD
LG