Линктер

жекшемби, 19-август, 2018 Бишкек убактысы 18:20

Атамбаев: Жээнбеков менен 4,5 сааттан ашык сүйлөштүк


Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, президент Сооронбай Жээнбеков менен достук мамиледе экенин айтты.

- Жээнбеков менен 23 жылдан бери доспуз. Эки жаш улуу катары кээде ага бир нерселерди айтышым мүмкүн. Биздин өлкө үй-бүлөлүк, кландык башкарууга барбашы керек. Муну Сооронбай Шарипович түшүнөт деп ойлойм. Акыркы жолу Жээнбеков менен 4,5 саат сүйлөштүк, - деди Атамбаев.

Бүгүн КСДПнын курултайы өтүп, анда Атамбаев партия төрагасы болуп шайланды. Курултайга 190 делегат чакырылган. Айрым делегаттар курултайга кирбей калганын айтса, айрымдары партия жетекчилигине нааразылык иретинде жыйындан чыгып кеткенин билдиришти.

Учурда экс-президент Алмазбек Атамбаев “Орион” мейманканасында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатат. (UEz)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG