Линктер

жекшемби, 24-июнь, 2018 Бишкек убактысы 03:51

Москванын Тверь соту “Сумма" компаниялар тобунун кожоюну Зиявуддин Магомедовду эки айга камоо тууралуу чечим чыгарды. Тергөө ага кылмыштуу топ менен 2,5 миллиард рубль “уурдаган” деген айып тагууда.

Магомедов күнөөсү жок экенин айтып, жактоочулары жогорку инстанцияга даттанаарын билдиришти. Ишембиде Магомедовдун агасы, бизнес өнөктөшү жана “Сумманын” алдындагы курулуш фирмасынын жетекчиси Артур Максидов эки айга камалды.

Прокуратура бир нече кылмыш иши бир өндүрүшкө бириктирилип тергелип жатканын билдирди. Тергөө шектүү 200гө жакын компания жөнүндө сөз болуп жатканын, уурдалган акча Магомедовдун офшор компаниясынын эсебинде экенин айтты. Тергөө Магомедов чет өлкөлөргө көп чыгарын, кармалган учурда Майамиге жол тартканын аныктаган.

Айрым маалымат каражаттары Магомедовдун саясий топтор, анын ичинде Орусиянын вице-премьер-министри Аркадий Дворкович менен байланышын жазышууда.

Оппозициялык саясатчы Алексей Навальный "2015-жылы Магомедов Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун эс алуусун каржылаган" деп жүрөт. Магомедовдун адвокаты Александр Вершинин мындай дооматтарды төгүндөп, аны камактан чыгарыш үчүн тарапкерлери 2,5 млрд. рубль төлөөгө даяр экенин билдирди.

XS
SM
MD
LG