Линктер

дүйшөмбү, 20-август, 2018 Бишкек убактысы 19:37

Атамбаев: "Шаарда жашайбыз" деп өмүрлүк жарым шарт койду


Алмазбек Атамбаев жубайы Раиса Атамбаева жана Бишкек мэри Албек Ибраимов менен бак отургузуп жатат. (Архивдик сүрөт).

Мурдагы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев 31-мартта журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясына салган үйү тууралуу түшүндүрмө берди.

Ал Кой-Таштагы үйү бүтсө ошол жакта эле жашамак болгонун, бирок өмүрлүк жары "шаарда жашайбыз" деп шарт койгонун айтты.

- Менин резиденцияга салган үйүм мамлекеттики. Мыйзам боюнча мамлекет мага салып бериши керек эле. Мамлекеттин акыбалын көрүп туруп, жоро-жолдошторум менен тыйын-тыпыр чогултуп салдым. Мамлекеттин бир да тыйыны кеткен жок,- деди Атамбаев.

Экс-президент резиденцияга жаңы үй салдыртканын алгач интернет-сайттардын бири жазып чыккан. Кийин президенттин иш башкармалыгы муну тастыктап, курулушка 89,3 млн. сом кеткенин, анын 77,8 млн. сомун Атамбаев өз жанынан чыгарганын билдирген. Үйдүн аянты 301,8 чарчы метр.

Атамбаев президент болуп турган 2016-жылы Бишкектин түштүк тарабындагы Кой-Таш айылына жакын жерге үй салганы маалым болгон. Бирок бул 2008-жылы Бакиевдер мыйзамсыз менчиктештирип, 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин мамлекетке алынган жер экени айтылган.

Аны Бишкектин азыркы мэри Албек Ибраимов алгач өзүнүн аялына, андан соң Атамбаевге каттаткан. Алмазбек Атамбаев 2016-жылы 1-декабрдагы маалымат жыйынында Кой-Таш айылындагы тогуз гектардан ашык жер тилкесин мыйзамдуу акчага Бишкектин мэри Албек Ибраимовдон сатып алганын өзү да ырастаган. (UEz)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG