Линктер

ишемби, 18-август, 2018 Бишкек убактысы 01:48

Ооганстанда парламенттик шайлоо октябрда өтөт


Ооган аял президенттик шайлоодо добуш берүүдө. 14-июнь, 2014-жыл.

Ооганстандын Көз каранды эмес шайлоо комиссиясы мыйзам чыгаруу органына жана жергиликтүү кеңештерге көптөн бери создугуп келаткан шайлоону 20-октябрда өткөрүүнү белгиледи. Бул тууралуу шайлоо комиссиясынын башчысы Абдул Бади Саяд жекшембиде билдирип, "Талибан” көзөмөлдөгөн аймактардагы тоскоолдуктарга карабастан добуш берүү өтөөрүнө ишеним бар экенин айтты.

“Ооган армиясы борбордук бийликтин карамагында болбогон кооптуу райондордо атайын операцияларды жүргүзүп, "анда жашаган шайлоочулардын коопсуздугун талапкерлерди каттоо маалында жана добуш берүүдө камсыз кыла алабыз" деп ишендирип жатат” – деди Саяд.

Ал ошондой эле добуш берүүгө укуктуу жарандар апрелдин ортосуна чейин каттоо күбөлүгүн алууга арыз бере алышаарын маалымдады.

Президент Ашраф Гани 249 орундуу улуттук парламентке шайлоону кийинки жылы болчу президенттик жарышка чейин өткөрүүгө убада берген. Буга чейин шайлоо коопсуздук маселесинен улам бир нече жолу жылдырылган.

XS
SM
MD
LG