Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:36

Транспортту жеңилдетилген баа менен кайра каттоо өнөктүгү жүргүзүлөт


Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

Транспорт каражаттарын жеңилдетилген баа менен кайра каттоо тууралуу токтомго ушул айда премьер-министр Сапар Исаков кол койгон. Ага ылайык, 2-апрелде баштала турган өнөктүк 2-июлга чейин уланат.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, бул иш «Таза коом» жана “Акылдуу шаар” долбоорлорунун алкагында жүргүзүлөт.

Үч ай бою автоунаа сатып алып, бирок ишеним кат менен жүргөндөр 200 сом төлөп, транспорт каражатын өзүнө каттап алса болот. Бул чечим автоунаа ээлерин аныктоо жана тармактагы баш-аламандыкты жоюу максатында кабыл алынганы айтылды.

Азыр Кыргызстанда автоунаа сатуу жана сатып алуу тууралуу келишимди расмий каттоо кымбат болуп, ашыкча түйшүк жараткандыктан, жарандар аны ишеним кат аркылуу сатып жана алып жүрөт. Автоунаа кимге сатылбасын мурдагы ээсинин наамында катталып кала берет.

«Акылдуу шаар» долбоору ишке кирсе, жол эрежелерин бузуудагы айыппул транспорттун мыйзамдуу ээсине, тагыраагы кимге катталса ошонун атына келе баштайт. Өкмөт айып пул боюнча түшүнбөстүктөрдүн алдын алуу үчүн транспортту жеңилдетилген баа менен кайра каттоо мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланууга чакырууда. (NT)

XS
SM
MD
LG