Линктер

бейшемби, 19-июль, 2018 Бишкек убактысы 22:58

Кыргызстандын башкы көзөмөл органы 2-апрелде маалымат таратып, мекеменин Укуктук статистика жана эсептөө башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Бактияр Осмоналиевдин маалымат каражаттары менен болгон маегинде ички иштер органдарын бир тараптуу айыптоо болбогонун маалымдады.

"Маек прокуратура тармагынын ишине жогору баа берип, ал эми ички иштер органдарын айыптоого багытталган эмес. Көп жылдан бери кылмыштын бетин ачууда так эмес көрсөткүчтөр берилип келгени укуктук статистика милдетин прокуратурага өткөрүп берүүгө алып келди" деп билдирди Башкы прокуратура.

Анда ИИМдин 29-мартта тараткан маалыматында айтылгандай, "ички иштер органдары прокурорлордун макулдугу менен гана кылмыш ишин козгоп, аны убактылуу жана биротоло токтотуу тууралуу да чечим кабыл алары" тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт деп белгиленген.

Башкы көзөмөл органы Кылмыш-процессуалдык кодекстин 35-беренеси боюнча тергөөчү кылмыш ишин иликтөөдө эч кимден көз каранды болбостон, "тергөөнүн мыйзамдуу жана өз убагында жүргүзүлүшүнө көзөмөл кылууга укуктуу экенин" баса белгилеген.

Билдирүүдө Башкы прокуратура өкүлүнүн маеги жалаң фактыларга жана статистикалык маалыматтарга негизделип, мындай калпыстыктарды мындан ары да кетирбеш үчүн эскертүү максатында болуп, мыйзамдуулукту сактоо милдетин аркалаган эки мекеменин ортосунда жарака пайда кылууну көздөбөгөнү айтылат.

Эки жума мурда Башкы прокуратуранын Укуктук статистика жана эсептөө башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Бактияр Осмоналиев маалымат агенттиктеринин бириндеги маегинде ИИМдин ишин сынга алган. Ал милициядагы ачылган кылмыш иштеринин санын жасалма көбөйтүү жана жөнгө салуу сыңары терс өнөкөттөн арылуу аракети болуп жатканын сөз кылган.

29-мартта ИИМ бул маекке карата билдирүү таратып, "көзөмөлдөөчү, жөнгө салуучу орган өзү кетирген катаны жалаң гана ИИМге жүктөп жатат" деп билдирген. ИИМ кылмыш иштеринин эсеп-кысабын алууда, статистикасын чыгарууда Башкы прокуратуранын да күнөөсү бар экенин айткан. (ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG