Линктер

бейшемби, 20-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 14:42

Кирешеси тууралуу декларация тапшыргандар көбөйүп жатат


Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик салык кызматынын маалыматы боюнча, акыркы үч жылдан бери бир жылдык кирешеси, мүлкү тууралуу декларация тапшырган жарандар көбөйгөн.

Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз катчысы Эркин Сазыковдун "Азаттыкка" билдиргени боюнча, 2016-жылдан бери 12-18% көп киши декларация тапшырган:

- Быйыл да декларация тапшырууну каалагандар арбын болду. Так маалымат бир жумадан кийин, 60 райондун баарында тапшырылган декларациялар эсептелген соң анык болот.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигинде кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка, үлүш жерлери) бар адамдар, ошондой эле дыйкан жана фермердик чарбалар 1-апрелге чейин декларация тапшырышы керек.

Ал эми мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер өздөрүнүн кирешеси менен кошо жакындарынын кирешеси тууралуу да маалымат берүүгө милдеттүү.

Декларацияны өз убагында тапшырбагандыгы үчүн жеке адамдарга эки миң сом, ферма, ишкана, мекемелерге 10 миң сом өлчөмүндө административдик айып салынат.

Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлердин киреше-чыгашалары тууралуу декларация толтуруу өнөктүгү 2005-жылдан бери жыл сайын жүргүзүлөт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG