Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:35

Бишкекте активисттер шаардагы бактарды кыюуга каршы чыгышты


Бишкектеги көчөлөрдүн бири.
Бишкектеги көчөлөрдүн бири.

Бир нече коомдук уюмдардын мүчөлөрү жана жарандык активисттер баш калаадагы бактардын кыйылышына каршы шаар мэриясынын алдына митингге чыгышты.

Алар шаар бийлигинен бактарды кыюуну токтотууну талап кылышты. Ошондой эле мэрди, шаардык айлана-чөйрөнү коргоо кызматынын жетекчилигин кызматтан кетирүү маселесин көтөрүп, "Биз тумчугуп жатабыз!" деп кыйкырышты.

Митингдин катышуучулары бардык кайдыгер эмес жарандарды шаарда кыйылып жаткан бактардын сүрөттөрүн, сатылып жаткан жыгачтардын сүрөттөрүн социалдык тармактарга жарыялоого чакырышты.

“Биз тумчугуп жатабыз!” деген иш-чараны “Жашылдар” партиясы уюштурууда. Митингчилерге мэриядан эч ким чыккан жок.

Расмий маалыматка караганда, былтыр борбордо 3000ге жакын бак-дарак кыйылган. Бактарды кыюу быйыл да уланууда.

Бишкектин мэри Албек Ибраимов бак-дарактарды кыюу аргасыз чара экенин, бирок кыйылган бир бактын ордуна өткөн жылы жети, быйыл он бештен көчөт отургузулганын маалымдаган. Экологдор Бишкекте абанын булганышы нормадан эки-үч эсе ашканын айтып чыгышкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG