Линктер

дүйшөмбү, 23-апрель, 2018 Бишкек убактысы 00:16

Журналисттерди коргоо комитети Аскаровду бошотууга үндөгөн өнөктүк баштады


Укук коргоочу Азимжан Аскаров сотто. 10-январь, 2017-жыл.

Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) 2-апрелде салткан айланган "Басма сөз эркиндиги үчүн" аттуу өнөктүгүн баштады. Быйыл ал Кыргызстанда абакта отурган укук коргоочу Азимжан Аскаровду жана башка мамлекеттерде темир тор артында отурган төрт журналисттин абалына көңүл бурдуруу максатын көздөйт.

Нью-Йоркто жайгашкан уюм өз сайтында жарыялаган маалыматта: "Абактагылардын тарапташтарына кадимки же электрондук куттукчаларды жиберип, муну менен журналисттер аларды унутпаганын, ал эми аларды камакка алган бийлик өкүлдөрүнө дүйнө жүзү көз салып турганын көрсөтүүнү сунуш кылабыз", - деп жазылат.

Был жылы CPJ Кыргызстанда, Египетте, Түркияда, Конго Республикасында жана Кытайда камакка алынган журналисттерди өзгөчө белгилеген.

"Бул эч нерседен коркпогон журналисттер ар кандай себептер менен камакка алынган. Бирок алардын баары өз ишин аткарганы үчүн камакка алынышкан", - деди уюмдун өкүлү Кортни Радш.

Укук коргоочу Азимжан Аскаров "Базар-Коргондогу 2010-жылдагы кандуу калабаны уюштурган" деп соттолуп, өмүр бою эркинен ажыратылган. Аскаров өзүнө коюлган кинелерди четке каккан. БУУ жана эл аралык башка уюмдар бийликтен аны бошотууну суранып келишет.

Былтыр жыл соңунда Журналисттерди коргоо комитети 2017-жылы 262 журналист куугунтукка кабылганын жарыялаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG