Принтер
Бабановдун каяшасы, саясаттын тиешеси...
Жогорку Кеңештеги "Республика - Ата-Журт" фракциясынын мурдагы лидери Өмүрбек Бабанов өзүнө карата "бийликти күч менен басып алууга даярдык көргөн" деген негиздеги кылмыш ишинин тергелип жатканын айыптап чыкты. Мунун алдында атайын кызмат "бийликти күч менен басып алууга аракет кылган" деген берене менен былтыр козголгон кылмыш ишинен Бабановго тиешелүү материалдарды өзүнчө бөлүп алып тергеп жатканы маалым болгон.