Линктер

бейшемби, 21-июнь, 2018 Бишкек убактысы 10:24

Скрипалдын ууланышын кайра иликтөө жөнүндө Орусиянын сунушу четке кагылды


Сергей Скрипаль жана анын кызы Юлия.

Гаагадагы "Химиялык куралга тыюу салуу" уюму Сергей Скрипалдын ууланышы боюнча жаңы иликтөө жүргүзүү жөнүндө Орусиянын сунушун колдогон жок.

Орусиянын сунушун уюмдун аткаруучу кеңешинин 41 мүчөсүнүн бешөө гана кубаттап, он беши каршы болгонун, он жетиси добуш бербегенин "Reuters" кабарлады.

Орусия буга чейин Скрипалдын ууланышын Лондон менен чогуу иликтөөнү сунуш кылган. Бирок Британия орус бийлиги Скрипалдын ууланышына негизги шектүү экенин билдирип, аны четке каккан.

Орусиянын бул уюмдагы өкүлү Александр Шульгин добуш берүүнүн жыйынтыгы чыккандан кийин журналисттерге маалымат берип, "иликтөө ачык-айкын эмес" деп сынга алды.

- Орусия жана уюмдун башка мүчөлөрү Скрипаль боюнча иликтөөдөн четтеп калышты, - деди Шульгин.

Быйыл 4-мартта Орусиянын Башкы чалгындоо башкармалыгынын мурдагы полковниги 66 жаштагы Сергей Скрипаль кызы Юлия менен Британиянын Солсбери шаарчасында эс-учун жоготкон абалда табылган. Лондон аларды ууландыруунун артында Москва турат деп эсептейт жана орусиялык 23 дипломатты өлкөдөн чыгарып жиберди. Кремл бардык дооматтарды четке кагып, ошондой эле жооп кайтарды.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG