Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:01

Таласта сергек жашоого үгүттөгөн турнир башталды


Оюн учурунда тартылган сүрөт.
Оюн учурунда тартылган сүрөт.

Таластын Бакай-Ата районунунда башталган футбол боюнча мелдеш “Биз жаман адатсыз сергек жашоону тандайбыз” деген ураан алдында өтүп жатат. Ага аталган райондогу орто мектептин окуучулары катышып жатышат.

Оюндун алкагында милиция кызматкерлери өспүрүмдөргө кылмыш жоопкерчилиги тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жаштарды достукка, биримдикке чакырышууда.

Ал эми мелдештин жеңүүчүлөрүнө кубоктор менен бирге акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Талас облустук ички иштер башкармалыгы кабарлагандай, иш-чаралар облустун башка райондорунда да улантылат. (AlS\ErN)

XS
SM
MD
LG