Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:39

Косово парламенти “гүленчилердин” Түркияга депортацияланышын иликтейт


Косово парламентинин түрк жарандары боюнча сессиясы. 4-апрель, 2018-жыл.
Косово парламентинин түрк жарандары боюнча сессиясы. 4-апрель, 2018-жыл.

Парламент 4-апрелде түзгөн комиссия президент Режеп Тайып Эрдогандын оппонеттери болуп эсептелген алты түркиялык жаран эмне үчүн жана кантип депортацияланганын иликтеши керек.

Бул окуядан улам укук коргоочу уюмдар жана Евробиримдик Косовонун бийлигин сынга алган эле.

Премьер-министр Рамуш Харадинаждын 4-апрелде айткандарына караганда, ал Евробиримдик менен АКШга түркиялыктардын Анкарага өткөрүлүп берилишин “жаңылыштык жана кокустук” деп түшүндүргөн.

Премьер-министр мурдараак бул үчүн Косовонун ички иштер министри менен чалгын агенттигинин башчысын кызматтан алган болчу.

Мамлекеттик “Анадолу” жаңылыктар агенттигинин кабарына караганда, Косоводо камалган алты адамды 29-мартта алып кетиш үчүн Түркиянын чалгын кызматы (MIT) жеке менчик учакты колдонгон.

Косоводон Түркияга депортация болгондор АКШда жашаган диниятчы Фетхулла Гүлендин мектептер түйүнүнө тиешеси бар.

Түрк бийлиги Гүленди "2016-жылкы аскердик төңкөрүш аракетинин артында турган" деп айыптаган. Диниятчы болсо мындай дооматтарды четке каккан.

Түркия - 2008-жылы Сербиядан бөлүнгөнүн жарыялаган Косовонун башкы колдоочусу. Өлкөнүн жалгыз аэропортун, электр түйүнүн түрк компаниялары башкарат жана түрк фирмалары эки миллиард долларга эки кан жол куруп жатат. (UE)

XS
SM
MD
LG