Линктер

дүйшөмбү, 19-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 03:31

Саудияда акыркы 35 жылдагы алгачкы кинотеатр ачылат


Стадионго келген саудиялык аял.

Алгачкы коомдук кинотеатр 18-апрелден тартып Эр-Риядда иштей баштаганы турат. Ал күнү жаңы театрда режиссёр Райан Куглердин “Кара пантера” фильми көргөзүлмөкчү.

Мурдараак Сауд Арабиясынын бийлиги америкалык "AMC Entertainment Holdings Inc" компаниясы менен кол койгон келишимге ылайык беш жыл ичинде өлкөдө 40, 2030-жылга карата дээрлик 350 кинотеатр ачылат. Фильмдер көргөзүлөөрдө аларды цензорлор текшерет.

Кинотеатрларды жана башка көңүл ачуучу жайларды сауд бийлиги өткөн кылымдын 80-жылдары ашынган исламчылардын кысымы астында жабышкан. Анда кино көрүү «күнөө» деп жарыяланган.

Тактыга келгенден бир нече айдан кийин азыркы падыша Салман бен Абдел Азиз ал Сауд аялдардын автоунаа айдоосуна салынган тыюуну жойгон болчу. Азыр сауд аялдары коомдук жайларга, стадиондорго бара алышат. (UE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG