Линктер

бейшемби, 21-июнь, 2018 Бишкек убактысы 01:23

Британиядагы ууландыруу БУУнун Коопсуздук кеңешинде каралат


Орусиянын БУУдагы элчиси Василий Небензя Коопсуздук кеңешинин жыйынында. 14-март, 2018-жыл.

Бул маселе БУУнун Коопсуздук кеңешинин кароосуна бүгүн Орусиянын демилгеси менен чыгарылууда.

Британияда мурдагы орусиялык чалгын офицеринин ууландырылышы боюнча эл аралык иликтөө жүргүзүүгө үндөп жаткан Москва мунун алдында жеңилип калган эле.

Кечээ Химиялык куралга тыюу салуу боюнча эл аралык уюмдун чечим кабыл алуучу органы болгон Аткаруу кеңешиндеги жыйынында Москванын биргелешкен иликтөө жүргүзүү тууралуу сунушун Орусиянын өзүн кошкондо алты гана өлкө колдоп, он беши четке каккан.

Аткаруу кеңешине мүчө болгон 41 өлкөнүн 17си добуш бербей койсо, үчөө жыйынга келген эмес.

Орусиялык мурдагы чалгын офицери Сергей Скрипаль менен анын кызы Юлиянын 4-мартта Британиянын Солсбери шаарында ууландырылышы үчүн расмий Лондон Москваны айыптаган жана "аларды ууландырууда адамдын нервин шал кылган “Новичок” деген уу зат колдонулган" деген бүтүмгө келген.

Буга жооп катары Британия, АКШ баштаган жыйырмадан көп мамлекет чыгарган орус дипломаттарынын саны 150дөн ашкан.

Орусия Батыш жана Европа өлкөлөрүнүн ушундай эле сандагы дипломаттары чыгарыларын жарыялап жооп берген. (UE)

XS
SM
MD
LG