Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:24

Газа тилкесинде кагылышуулар уланды


Израил менен чектешкен Газа тилкесиндеги кагылыш. 6-апрель, 2018-жыл.
Израил менен чектешкен Газа тилкесиндеги кагылыш. 6-апрель, 2018-жыл.

6-апрелде Газа тилкесинде жүздөгөн палестиндер чогулуп, израил аскерлерине таш ыргытып, дөңгөлөктөрдү өрттөштү.

Израил аскерлери буга жооп кайтарып, палестиндерди желим ок менен аткылап, көздөн жаш чыгарчу газ чачты.

Палестинанын Саламаттык сактоо министрлиги үч палестиналык жарадар болгонун маалымдады.

Газа тилкесиндеги палестиндер Израилдин чек арасына чатырларды тигүү менен алты апталык нааразылык акциясын өткөн жумада башташкан. Алар муну менен палестин качкындарынын азыр Израил тарапта калган жерлерине кайтуусуна мүмкүндүк берилишин көздөп жатышат. Нааразылык акциясын палестиндердин Газа секторун башкарган исламчыл ХАМАС кыймылы уюштурууда. Мындан улам Израилдин чек арадагы аскерлеринин күжүрмөн даярдыгы күчөтүлгөн.
30-мартта болгон кагылышууларда 15 палестин мерт кетип, жүздөн ашууну жарадар болгон.

БУУнун эсебинде, Газа секторунун 2 миллион калкынын 1,3 миллиону качкындар же качкындардын урпактары.

XS
SM
MD
LG