Линктер

жекшемби, 22-апрель, 2018 Бишкек убактысы 12:16

Жээнбеков Апрель окуясына байланыштуу кайрылуу жолдоду


Сегиз жыл мурун курман болгондордун элесине гүл коюу. 7-апрель, 2018-жыл.

Президент Сооронбай Жээнбеков Апрель окуясынын сегиз жылдыгына карата кайрылуу жолдоп, Кыргызстан өнүгүү жолунан тайбай турганын билдирди.

Мамлекет башчынын кайрылуусун Президенттик аппараттын басма сөз кызматы таратты. Анда "2010-жылдагы Апрель окуясы элдик жеңиш, революция катары сыпатталып, өлкө туңгуюктан бараткан жолдон чыгып, жаркын келечекке багыт алганы" белгиленет.

"Элдик революциянын идеяларын жана максаттарын турмушка ашырабыз. Эң башкысы – Кыргызстан эч качан демократиялык багытынан тайбайт" деп жазылган кайрылууда.

2010-жылы ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы чыккан демонстрациялар 7-апрелде аяктап, Бакиев бийликтен кулатылган. Нааразы болуп чыккандарга ок атылып, 80ден ашуун киши набыт болуп, жүздөн көбү жараат алышкан. Курманбек Бакиев үй-бүлөсү, жакындары менен чет мамлекетке качып, Беларустан башпаанек тапкан.

Окуянын сегиз жылдыгына карата бүгүн Бишкекте президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусу менен эскерүү иш-чаралары өтүп жатат. Мамлекет башчы “Ата-Бейит” мемориалдык комплексиндеги апрель окуясында курман болгондорго арналган мемориалдык дубалга жана Ала-Тоо аянтындагы "Эл эркиндиги үчүн" монументине гүл коёрун президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирген. Эскерүүгө экс-президенттер Роза Отунбаева менен Алмазбек Атамбаев да чакырылган. (SE)

Апрель окуясы "Ата-Бейитте" эскерилди
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:52 0:00

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG