Линктер

ишемби, 21-апрель, 2018 Бишкек убактысы 21:04

Комитет башчылыгына Абдуллаевдин талапкерлиги көрсөтүлдү


Талант Абдуллаев, “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын кызматына Талант Абдуллаевдин талапкерлиги көрсөтүлүп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова “Азаттыкка” билдирди. 10-апрелде Жогорку Кеңештин тармактык комитети өкмөт көрсөткөн талапкерлерди карайт. Талапкерлер боюнча өкмөт башчы Сапар Исаков маалымат берет.

Талант Абдуллаев учурда “Инфоком” мамлекеттик ишканасын жетектейт.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Нурбек Абасканов премьер-министр Сапар Исаковдун сунушу менен марттын башында кызматтан алынган. Ага чейин Нурбек Абасканов "өзүнүн фирмасына лицензия берген" деп, кызматтык иликтөө жүргүзүлөрү маалымдалган болчу. Мындан сырткары, учурда юстиция министринин жетекчисинин, өкмөттүн аппарат башчы кызматынын жана биринчи вице-премьер-министрдин орду бош турат.

Буга чейин өкмөттүн мурдагы аппарат башчысы Нурханбек Момуналиев Бишкек Жылуулук электр борборуна байланыштуу УКМКга сурак берип чыкканы маалым болгон. Анын жакын тууганы түзгөн деген компания жылуулук электр борборунун от казандарын оңдош үчүн өткөрүлгөн жасалма тендер, ири өлчөмдө акча кымырып алуу фактысы боюнча айыпталып жатат. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG