Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:52

Экс-губернатор Түлеев Кемеровонун парламентин жетектейт


Кемеровонун мурдагы губернатору Аман Түлеев. 26-март, 2018-жыл.
Кемеровонун мурдагы губернатору Аман Түлеев. 26-март, 2018-жыл.

Кемерово облусунун губернатору Аман Түлеев соода борборундагы өрттөн кийин “моралдык жоопкерчилиги” үчүн кызматын тапшырган соң эми аймактык парламенттин төрагасы болуп шайланары айтылууда.

Кузбастын аймактык кеңешинин төрагасы Алексей Синицын дүйшөмбүдө мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетип, ал орунга Түлеев ылайыктуу экенин айтты. Жаңы төраганы шайлоо 10-апрелде өтөөрүн басма сөз кызматы кабарлады.

3-апрелде Түлеев Кемерово облустук кеңешине депутат болуп дайындалып, мандат алган.

73 жаштагы Түлеев Сибирдин табыгый байлыкка мол облусун 1997-жылдан бери жетектеген.

25-мартта Кемерово шаарындагы "Зимняя вишня" аттуу соода борборунда чыккан өрттө 64 киши өлгөндөн кийин аны кызматтан алуу талабы айтылган.

XS
SM
MD
LG