Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:52

Германияда кол салууга шектүү катары алты киши кармалды


2016-жылы Берлинде Рождество жармаңкесинде кол салуу болгон жер. 19-декабрь, 2017-жыл.
2016-жылы Берлинде Рождество жармаңкесинде кол салуу болгон жер. 19-декабрь, 2017-жыл.

Германияда "жекшембиде бычак менен элге кол салууну пландап жаткан" деген шек менен алты киши кармалганын Берлин полициясы билдирди. Немис басылмаларынын маалыматына ылайык, кармалгандар чабуулду 8-апрелде өткөн ири марафондо ишке ашырууну көздөп жатышкан.

Полиция азырынча бул маалыматты ырастай элек. Болгону шектүүлөр кармалганын жана тергөө иштери жүрүп жатканын гана бышыктады. Кармалгандардын бири 2016-жылы Берлинде жүк ташуучу унаа менен элди тебелетип кеткен Анис Амринин таанышы экени айтылууда. Эки жыл мурдагы кол салууда кеминде 12 кишинин өмүрү кыйылып, элүүдөн ашууну жаракат алды.

Жекшембиде Берлинде өткөн 38-марафонго 36 миңдей жөө күлүк катышты. Алардын таймашын көрүш үчүн жүздөгөн киши көчөлөргө чыккан.

XS
SM
MD
LG