Линктер

шаршемби, 12-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 13:56

Кыргыз окуучулары Араб дебаттарынын эл аралык сынагына катышууда


Кыргыз окуучулары биринчи жолу Араб дебаттарынын эл аралык сынагына катышууда. Апрель, 2018-жыл.

Кыргыз окуучулары биринчи жолу Араб дебаттарынын эл аралык сынагына катышып жатканын “Азаттыкка” Кыргызстандын Катардагы элчиси Нуран Ниязалиев билдирди. Анын айтымында, сынакка Кыргызстандагы “Дахва” мектебинин 10-11-классынын төрт окуучусу жана бир жетекчи катышууда.

- Биздикилер 2-3 тайпаны утуп, Польша менен Палестинадан жеңилип калышыптыр. Алар соцтармактардын терс жактары, БУУнун Коопсуздук кеңешинин вето маселеси, климаттын өзгөрүшү, ашыкча семирүүгө каршы аракет, демократиялык эмес мамлекеттерге жардам бербөө жана мамлекеттердин блокада проблемасы деген сыяктуу 15-16 чакты тема боюнча таймашууда.

Дебаттар араб тилинде өтүүдө. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG