Линктер

дүйшөмбү, 19-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 02:29

Жарандык активист Мавлян Аскарбековдун соту болот


Мавлян Аскарбеков.

Бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук соту “Эркин эл” саясий партиясынын лидери Мавлян Аскарбековдун ишин кароону улантат. Бул күнү сот өкүмүн чыгарышы мүмкүн.

- Биринчи май райондук сотунда мен акыркы сөзүмдү айтам. Андан кийин соттун чечими чыгат, - деп билдирди “Азаттыкка” Аскарбеков.

3-апрелге белгиленген соттук отурум судья Эмил Кайыповдун ооруп калганына байланыштуу бүгүнкүгө калган.

Мавлян Аскарбековго карата Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренеси (“Бийликти күч менен басып алууга үндөө”) менен кылмыш иши козголгон. Ал 2017-жылдын 16-январындагы авиакырсыктан жапа чеккен Дача СУ жана Учкун-2 конуштарынын тургундары менен жолугушууда “бийликти басып алууга чакырган” деп айыпталууда. Жыйында айтылган сөздөрдү Улуттук университеттин, БГУнун, Илимдер академиясынын, Юстиция министрлигинин кызматкерлери талдап чыгышкан.

Айыпталуучу жана адвокаттар сот ишти акыйкат карабай, конституциялык укуктары бузулуп жатканын айтып, бир нече жолу ишеним көрсөтпөө тууралуу доо арыз берген. Сот арызды канааттандырган эмес. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG