Бүгүн Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов Жогорку Кеңештин тармактык комитетине 2016-жылдагы абал боюнча баяндама жасайт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Улуттук борбордун маалыматына караганда, кыйноонун 85 пайызы Ички иштер министрлигине тиешелүү, анда кыйноо кылмыштын бетин ачыш үчүн колдонулат. Арасында кыйноо балдарга жана аялдарга каршы колдонулган учурлар да бар.
Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча 2011-жылдан бери кыйноого байланыштуу айыпталган милиция кызматкерлери соттолгон беш учур катталган.
Кыргызстанда кыйноо боюнча берене Кылмыш-жаза кодексине 2003-жылы киргизилген жана 2011-жылга чейин кыйноо үчүн айыпталган күч кызматкерлери тууралуу маалымат жок. 2017-жылдын он айында Башкы прокуратурага кыйноого байланыштуу 325 адам жардам сурап кайрылган. Анын ичинен тогуз арыз УКМК, бешөө Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын, 311и милиция кызматкерлеринин үстүнөн түшкөн. (КЕ)