Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:50

Жээнбеков Евробиримдиктин жетекчилери менен жолугат


Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун Брюсселге расмий сапары башталат.

11-12-апрелге белгиленген сапар учурунда мамлекет башчы Европа Биримдигинин жетекчилери менен жолугат.

Бул күндөрү Жээнбеков ЕБнын президенти Дональд Туск, Европа комиссиясынын президенти Жан Клод Юнкер, Европа парламентинин төрагасы Антонино Таяни жана биримдиктин эл аралык иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини менен жолугат деп күтүлүүдө.

Кыргыз президенти Брюсселге Түркиядан барат. Ал 9-10-апрель күндөрү бул өлкөдө расмий иш сапарда болуп, түрк президенти, өкмөт башчысы, Улуттук кеңештин төрагасы менен жолугушкан. Биргелешкен бир катар документке кол коюлган. (КЕ/ВкА)

XS
SM
MD
LG