Линктер

шаршемби, 25-апрель, 2018 Бишкек убактысы 23:54

Бүгүн Жогорку Кеңеш баш прокурор Индира Жолдубаеваны кызматтан алуу боюнча профилдик комитеттин чечимин карайт.

Парламенттин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, сот укуктук маселелери жана регламент комитетинин мүчөсү, вице-спикер Мирлан Бакировдун “Азаттык” радиосуна билдиришинче, маселе комитеттин чечиминин негизинде күн тартибине киргизилет.

- Эки норма бар. Биринчиси - президенттин мөөнөтүнөн мурда кызматтан алуу сунушу менен келе турган болсо, анда депутаттардын көпчүлүгү, 61 добуш менен алынат. Эгер баш прокурордун жылдык отчету канааттандырарлык эмес деп баа бере турган чечим болсо, анда 80 депутат добуш бериши керек.

Жогорку Кеңештин комитети президент Сооронбай Жээнбековдун башкы прокурор Жолдубаеваны кызматтан алуу жөнүндө сунушун 10-апрелде карап, көпчүлүк добуш менен колдогон. Өткөн жума күнү парламенттеги "Ата Мекен" жана "Республика - Ата Журт" фракциялары башкы прокурор Индира Жолдубаеванын 2017-жылдагы ишин "канааттандырарлык эмес" деп тапкан.

Фракциялар жыйынына Жолдубаева катышкан эмес, анын орун басары Бөкөнбай Казаков депутаттарга баш прокурор ооруп жатканын билдирген. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG