Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:06

Өзгөндө айдоо аянттарын суу каптап жатат


Оштун Өзгөн районунда Кара-Дарыянын суусу кирип, айдоо аянттарын каптай баштады. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 11-апрелде билдиргендей, Баш-Дөбө айыл аймагында 253 гектарды суу каптаган.

Андан тышкары, 50 турак үйдү каптоо коркунучу жаралды. Министрликтин Ош облустук башкармалыгынын ыкчам тобу жана райондук Жарандык коргонуу комиссиясы алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатында иштеп жатат.

Премьер-министр Сапар Исаков Өзгөндө үйлөрдү суу каптоосунун алдын алууну өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновго тапшырды. Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашев суу ташкан аймакка барып, абалды көрүп келди.

Кыргызгидромет 10-11-апрелде жаан-чачын көп болорун, тоолуу аймактарга кар түшөрүн, дарыяларда суу кирип, тоо этектеринде сел жүрүшү ыктымалдыгын эскерткен. (SE)

XS
SM
MD
LG