Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:18

Яшин Москва шаарынын мэрлиги үчүн күрөшөт


Илья Яшин
Илья Яшин

Орусияда оппозициялык активист Илья Яшин сентябрда өтчү шайлоодо Москва шаарынын мэрлигине ат салышат.

11-апрелде “Фейсбукка” чыгарган видео билдирүүдө Яшин Москванын мэри Сергей Собянинди коррупцияга айыптаган.

Москванын Красносельский районунун жетекчиси Яшин баштапкы шайлоого (праймериз) катышып, аны коомчулук кандай колдорун аныктагысы келет.

Яшин Кремлди сындап жүргөн саясий оппозиционер Алексей Навальный экөө “Тилектештик” кыймылынын мүчөсү.

Навальный интернет сайтына Яшиндин баш калаанын башчысынын ордуна жарышка катышуу чечимин “жакшы кабар” деп, санаалашынын “праймеризге” катышуу чечимин колдоду.

Москва шаарынын мэрлигине шайлоо 9-сентябрда өтөт. Азыркы шаар башчы Сергей Собянин дагы ага катышары белгилүү.

XS
SM
MD
LG