Линктер

ишемби, 21-апрель, 2018 Бишкек убактысы 21:17

“Евразиялыктар – жаңы толкун” аттуу фонд кыргызстандыктар кайсы социалык тармактарды көбүрөк колдоноорун жана андагы маалыматтардын таасирин иликтеп чыкты. Анда кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү, 46 пайызга жакыны "Фейсбукту" колдоно турганы белгилүү болгон. Бул тууралуу “Азаттыкка” фонддун өкүлү Каныкей Жумадылова кабарлады. Экинчи орунда "Инстаграм", анан “Одноклассники” турат.

Бүгүн Бишкекте ушул изилдөөнүн бет ачары болот жана Интернеттин азыркы абалын эксперттер тегерек үстөлдө талкуулайт. Анда соңку учурда социалдык тармактарда кандай жаңылыктар басымдуу болуп жатканы, фейк-аккаунттар жана жалган кабарлардын таасири туурасында сөз болот. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG