Адамдын космоско учканына 57 жыл толду.
Советтик учкуч Юрий Гагарин 1961-жылдын 12-апрелинде Казакстандагы Байкоңур космодромунан “Восток-1” космос кемеси менен учуп, космосто 108 мүнөт болгон. Гагаринге чейин 1960-жылы космоско эң биринчи Белка жана Стрелка аттуу иттер чыгарылган. Алар космосто 25 саат болушкан.
Советтик алгачкы космонавттар отрядына Гагарин менен бирге эки жалалабаддык учкуч Марс Рафиков жана Валентин Варламов кирген. Ал эми советтик космонавттар Чүйдө атайын даярдыктан өтсө, космостон кайткан соң Ысык-Көлдө ден соолугун чыңдашкан.
12-апрель 1968-жылдан бери эл аралык дата катары белгиленип, Авиация жана космонавтика күнү деп аталат.
Кыргызстандан космоско учкан алгачкы учкуч - Салижан Шарипов. Ал 1998-жылы Галактика менен жакындан таанышкан.
Медицина илимдеринин доктору, кыргызстандык академик Арстанбек Алтымышев космонавттарга тамак-аш даярдоодо уникалдуу рецепттерди ойлоп тапкан. Ал иштеп чыккан "Арашан" бальзамы тарыхка космоско жөнөтүлгөн биринчи спирттик ичимдик катары кирген.
Кыргызстандын Эмгек сиңирген артисти Гүлнара Тойгонбаева Салижан Шариповдун урматына аткарган "Жылдыздуу жердешим" аттуу ыр - космосто жаңырган алгачкы кыргызча чыгарма. (SE)
Космонавтикага кыргызстандыктардын кошкон салымы тууралуу бул жерден кеңири окуңуз.