Линктер

жекшемби, 22-апрель, 2018 Бишкек убактысы 23:56

Жээнбеков Алиевди президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады


Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана жубайы Мехрибан Алиева, Баку, 11-апрель 2018-жыл.

Илхам Алиевдин Азербайжандын президенти болуп кайрадан шайланышына байланыштуу Кыргызстандын мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков ага куттуктоо телеграммасын жөнөттү. Анда Сооронбай Жээнбеков Илхам Алиевдин президенттик шайлоодогу жеңиши Азербайжанды туруктуу жана ар тараптуу өнүктүрүүгө багытталган иш-аракеттерине элдин ишеничин көрсөткөнү белгиленет.

Президент Жээнбеков куттуктоосунда урмат-сыйга жана ишенимге негизделген кыргыз-азербайжан мамилелери мындан ары да чыңдалып, тереңдей берерине ишеничин билдирген.

"Сизге бекем ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердигиңизге ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги азербайжан элине – тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалайм!», - деп айтылат президенттин куттуктоо телеграммасында.

Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Азербайжанда президенттик шайлоо 11-апрелде болуп өттү.

Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы 11-апрелдин кечинде билдиргендей, президенттикке талапкер Илхам Алиев жалпы добуштардын 86,1 пайызына ээ болгон.

56 жаштагы Илхам Алиев 10 миллиондой калкы бар Азербайжанды 2003-жылы атасынын көзү өткөндөн бери башкарып келет. Ал буга чейин үч жолу (2003, 2008, 2013) жалпы шайлоочулардын кеминде 75-84 пайызынын добушу менен кайра шайланган.

Төртүнчү президенттик мөөнөтү мурдагыдай беш эмес, жети жылга созулмакчы. Мындай өзгөрүү 2016-жылы Азербайжандын Конституциясына киргизилген.

Бир жыл мурда президент Илхам Алиев жубайы Мехрибан Алиеваны да биринчи вице-президент кылып дайындаган. (ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG