Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:33

Израил Иранды эскертти


Премьер-министр Биньямин Нетаньяху Холокостту эскерүү жыйынында сүйлөп жаткан кези. Иерусалим, 11-апрель, 2018-жыл.
Премьер-министр Биньямин Нетаньяху Холокостту эскерүү жыйынында сүйлөп жаткан кези. Иерусалим, 11-апрель, 2018-жыл.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Иранга "бизди сынабагыла" деп эскертти. Ал Иранды нацисттик Германия менен да салыштырды.

Мындай сөздөр Израил нацисттик Германия тарабынан Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда алты миллиондой жөөт кырылган окуяларды эскерген күнү -11-апрелде айтылды.

“Мен Ирандын башкаруучуларына "биздин чечкиндүүлүгүбүздү сынабагыла" деп кайрылам. Бул жөн эле курулай сөздөр эмес”,- деди Нетаньяху Иерусалимден сүйлөгөн учурунда.

Нетаньяхунун бул билдирүүсүнөн эки күн мурда Сириянын аскердик базасына абадан урулган соккудан кеминде он төрт өкмөтчүл согушкер, анын ичинде ирандык жети аскер мерт болгон. Сирия бул аба соккусу үчүн Израилди айыптаган.

Израилдин бийлиги Иран Сириядагы аскердик турумун чыңдап, ал жерде туруктуу аскер базаларын орнотууну көздөп жатканын такай айтып келет.

9-апрелдеги аба соккудан кийин Тегеран Израилден өч аларын эскертип, ошондон улам Тель-Авив аскер күчтөрүн күжүрмөн даярдыкка келтирген болчу. (UE)

XS
SM
MD
LG