Линктер

бейшемби, 20-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 06:27

Арменияда бийлик партиясы премьерликке мурдагы президентти көрсөтөт


Серж Саркисян.

Бул тууралуу Ереванда 11-апрелдин кечинде расмий жарыяланды.

Армениянын Республикалык партиясынын өкүлү, парламенттин вице-спикери Эдуард Шармазановдун билдиргенине караганда, партиянын аткаруучу органы премьер-министрликке мурдагы президент Серж Саркисяндын талапкерлигин алып чыгуу маселесинде “биримдигин жана тилектештигин” көргөздү.

2015-жылдагы конституциялык реформадан кийин Арменияда премьер-министрдин ыйгарым укуктары кеңейтилип, президенттики тескерисинче азайган эле.

Өлкөнүн мурдагыдай жалпы эл эмес, парламент шайлаган президенти Армен Саркисян 9-апрелде кызматка киришти.

Акыркы күндөрү Ереванда мурдагы президент Серж Саркисяндын бийликке кайтып келишине каршы “Сержди кабыл алба ” деген топко бириккен активисттердин нааразылык акциялары да өтүп жатты. Кечээ алар башкаруучу партиянын кеңсеси жайгашкан жолду жарым саатча бууп да турушту.

Армениянын парламенти жаңы премьер-министрди 17-апрелде шайлаары күтүлүүдө. (UE)

XS
SM
MD
LG