Линктер

жекшемби, 21-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 16:54

Ошто аялуу аялдар ишкерликти үйрөнүштү


иллюстрациялык сүрөт

Ошто социалдык жактан аз камсыз болгон жана мүмкүнчүлүгү чектелүү энелер, майып балдардын энелери "экономикалык өз алдынчалык" боюнча билим алышты. Алар бир жумалык окуунун жыйынтыгында чакан бизнес ачуу планын түзүшкөн. Эми атайын комиссия аялдардын жазган долбоорлорун карап чыгып, тандалып алынгандарын ишке ашырууга каржылык көмөк көрсөтөт.

Аялуу аялдарды ишкерликке үйрөтүүчү семинар 12-апрелде жыйынтыкталып, катышуучуларга сертификат берилди.

Бүгүнкү күнгө чейин тренингдин он үч катышуучусу тигүү цехин ачуу, улуттук буюмдарды жасоо, сулуулук салону, мал чарбачылык, массаж салонун ачуу боюнча бизнес долбоорлорун сунушташты.

Семинар "Кыргызстандагы аялуу аялдардын экономикалык өз алдынчалыгы" долбоорунун алкагында "СПИД Чыгыш-Батыш" жана "Инфо - Центр Рейнбоу" коомдук фонддору тарабынан уюштурулду. (MdN)

XS
SM
MD
LG