Линктер

шаршемби, 25-апрель, 2018 Бишкек убактысы 07:05

Орусия борборунун Таганка райондук соту "Телеграм" социалдык түйүнүн жабуу маселесин эртең карашы мүмкүн.

Сотко доо арызды мамлекеттик Роскомнадзор мекемеси жолдогон. Мунун алдында "Телеграм" Орусиянын атайын кызматы – ФСБга социалдык түйүндүн колдонуучуларынын даректерине кирүү мүмкүнчүлүгүн берүүдөн баш тарткан эле.

"Телеграм" өзү да мындай талапка каршы арыз берип, бирок ал Жогорку сотто четке кагылган.

Кремлдин сынчылары, орусиялык оппозициячыл активисттер "Телеграм" өңдүү социалдык медианы өкмөткө каршы демонстрациялар, нааразылык акциялар тууралуу кабар таратуу, президент Владимир Путин жана анын кызматташ-өнөктөштөрүнүн коррупцияланышканын күбөлөндүргөн маалыматтарды жарыялоо үчүн да колдонушат. (UE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG