Линктер

бейшемби, 26-апрель, 2018 Бишкек убактысы 11:54

Бүгүн Жогорку Кеңеште 2019-2021-жылдарга карата бюджеттик резолюциянын долбоору боюнча коомдук талкуу өтөт. Парламенттин Бюджет жана финансы комитетинин төрагасы Таабалды Тиллаевдин “Азаттыкка” билдиргенине караганда, өкмөткө фискалдык саясат, экономика боюнча багыт берилип, бир катар сунуштар айтылат.

- Жаңы Бюджеттик кодекс кабыл алынгандан кийин министрликтер программалык бюджетке өтүп жатышат. Азыр ар бир мамлекеттик мекемеде маяна ар кандай болуп жатпайбы. Мамлекеттик салык жана бажы кызматтарында, Финансы министрлигинде айлык жогору. Башкаларда өтө аз. Ошону теңөө боюнча сунуш айтып жатабыз.

Парламент комитети уюштуруп жаткан талкууга депутаттар, Финансы министрлигинин өкүлдөрү, эксперттер катышат. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG