Линктер

жекшемби, 21-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 07:57

Бишкекте “Берекет” базары күйүп кетти


"Берекет" базарындагы өрт. 13-апрель, 2018-жыл.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Ош базары тараптагы "Берекет" базарында чыккан өрт тууралуу таңга маал саат төрткө чукул маалымат келип түшкөн.

Мекеменин басма сөз катчысы Элмира Шерипованын “Азаттыкка” берген маалыматы боюнча, өрттү өчүрүүгө жалпысынан 14 техника тартылды. Тилсиз жоонун себептери жана жабыркагандар боюнча маалымат жок.

Өрттүн жалпы аянты болжол менен 2000 чарчы метрди түзгөн. Өрттүн себеби жана келтирилген чыгымы такталууда.

Ушуну менен жыл башынан бери Ош базарынын аймагында үчүнчү ири өрт чыкты. 5-мартта "Сейтек" базарынын миң чарчы метр аянты күйгөн. 30-январда ушул эле соода түйүнүндө өрт чыгып, 108 күркө толугу менен өрттөнүп кеткен. (КЕ)

XS
SM
MD
LG