Ош облустук Капиталдык курулуш башкармалыгы бир канча имаратты тендерсиз, тааныш-билиштик менен курдурганы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кабарлады.
Расмий маалыматка ылайык, 2017-жылы Кара-Суу районундагы Ачы, Араван районундагы Кең-Сай аймактарында курулуш иштери мыйзамсыз башталып, аткаруучуларга 228 миллион сом которулган.
Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси ("Кызмат абалынан кыянат пайдалануу"), 306-беренеси ("Кыргызстандын кызыкчылыгына туура келбеген келишим түзүү жана мамлекеттик сатып алууну ишке ашыруу") менен кылмыш иши козголду.