Линктер

жума, 20-июль, 2018 Бишкек убактысы 18:54

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Орусиянын сунушу менен Сириянын айланасындагы соңку жагдайларды талкуулоо үчүн бүгүн чукул жыйынга чогулганы жатат. Москванын БУУдагы элчиси Василий Небензя жыйында "согуш коркунучун жоюуга артыкчылык берилерин", АКШ баштаган Батыш өлкөлөрүнүн Сириядагы ыктымал аба соккулары чатакты ырбатышы мүмкүндүгүн айтты.

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп буга чейин Сириянын Дума шаарындагы болжолдуу химиялык чабуулга жооп иретинде чара көрөрүн айткан. "Орусия, даярдан, ракеталар учуп баратат, алар жаңы жана акылдуу», - деп жазган Трамп Твиттердеги барагына.

Бирок кечээ Трамп: “Сирияга сокку качан уруларын эч убакта айткан эмесмин, ал абдан жакын арада болушу мүмкүн же такыр эле жакында эмес”,- деп билдирди.

Дамаск менен Москва Дума аймагында химиялык чабуул болбогонун айтып жатышат. Орусия Сирияга ракеталык сокку уруунун кесепети “өтө оор“ болорун эскерткен.

Сирияда Чыгыш Гута аймагынын козголоңчулар колундагы Дума шаарчасында 7-апрелде хлор газы колдонулган химиялык чабуулдан кеминде 43 кишинин өмүрү кыйылган, арасында жаш балдар да бар.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG