Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:26

Бостонов: "Кыргызмунайгаздын" тагдырын өкмөт чечет


Рашид Бостонов.
Рашид Бостонов.

Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында жайгашкан "Кыргызмунайгаз" ишканасын орусиялык "Газпром" компаниясына берүү маселесин өкмөт чечет.

Бул тууралуу аталган ишкананын жетекчиси Рашид Бостонов "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, 2020-жылдан тартып Кыргызстан күйүүчү майдын евро стандартына өтүшү керек. "Кыргызмунайгаз" чыгарган продукция ага шайкеш келбегендиктен, аны жаңылоо жана жаңы мунай кендерин ачуу максатында инвесторлор изделип жатат.

Бостонов буга чейин Орусиянын "Газпром" компаниясы менен алдын ала сүйлөшүүлөр болгонун, ишкананын 85% акциясына Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду ээлик кылганы үчүн анын тагдырын өкмөт чечээрин кошумчалады.

Кочкор-Ата шаарынын тургундарынын арасында "Кыргызмунайгаз" "Газпромго" сатылат деген маалымат тарап, нааразылык чыккан.

Расмий маалыматка караганда, аталган ишкана былтыр 102 миң тонна мунай жана 26 млн. куб газ өндүрүп, 587 млн. сом киреше тапкан. Ал жерде 2 миңге чукул киши иштейт. (RsK)

XS
SM
MD
LG