Линктер

шаршемби, 23-май, 2018 Бишкек убактысы 20:37

Улуттук коопсуздук кызматы баңгизат ташуу каналынын уюштуруучусу деп кармалган адам тамырын кыйып, ооруканада каза тапканын кабарлады.

Маалыматка караганда, 13-апрелде УКМК кызматкерлери маңзат менен алектенген деген шек менен Ош облусунун 1971-жылы туулган тургунун кармаган. Кармоо учурунда ал бычак менен моюнун кескенге аракеттенген, бирок чекисттер ага жол бербей, медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, бул адам кылмыштуу топтун мүчөсү катары мурда Ички иштер министрлигинин каттоосунда турган жана Кыргызстан аркылуу КМШ мамлекеттерине ташылган маңзат каналын уюштурган. Анын машинесин текшерүү учурунда 2 килограмм 70 грамм салмактагы маңзат табылганы айтылды.

Факт боюнча УКМКнын Оштогу башкармалыгы тарабынан Кылмыш жана жаза кодексинин 247-беренеси ("Баңгизаттарды, психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, алуу, сактоо, ташуу") боюнча кылмыш иши козголгон. Кармалган киши УКМКнын тергөө абагына киргизилген. 14-апрелде сол колунун тамырын тиши менен кыркып, ооруканага жеткирилген. Бирок дарыгерлердин анын өмүрүн сактап калуу аракетине карабай, кан басымы түшүп кетип каза тапкан.

Окуя боюнча прокуратура териштирүү жүргүзүп, соттук-медициналык экспертиза дайындалганы кабарланды.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG