Линктер

ишемби, 20-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 01:35

Сирия армиясы Чыгыш Гутаны толук көзөмөлгө алды


Сириянын Дума аймагындагы Орусиянын аскердик полициясы.

Сирия бийлиги бир нече жылдан бери ар кайсы козголоңчулардын колунда болуп келген Дамасктын четиндеги Чыгыш Гута аймагын толук көзөмөлгө алганын жарыялады.

Сириянын Коргоо министрлигинин бул маалыматын орус армиясы да ырастады.

"Жейш-ал-Ислам" куралдуу тобунун мүчөлөрү жана алардын үй-бүлөлөрү Дума шаарынан чыгып кеткени кабарланды.

Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, 20 миңге жакын киши автобус менен Сириянын түндүгүндөгү түрк армиясы көзөмөлдөгөн аймакка чыгарылды.

7-апрелде Думада химиялык курал колдонду делген чабуулдан кийин 14-апрелде АКШ, Британия жана Франция Сирия өкмөтүнүн объектилерине сокку ура баштады.

Америка жана Батыш мамлекеттери Сирия президенти Башар Асаддын бийлигин "химиялык курал колдонду" деп айыптап жатат. Дамаск жана Москва муну четке кагып келет. Думадагы козголоңчулар химиялык чабуул делген окуядан кийин шаардан чыгып кетүүгө макул болгон.

Жакын арада Думага Химиялык курал-жарак колдонууга тыюу салуу уюмунун эксперттери иликтөө жүргүзүү максатына келери күтүлүп жатат. Ишембиде алар Дамаскка келишкен.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG