Ордо оюну боюнча республикалык универсиаданын жогорку лигасынын оюндары жыйынтыкталды. Мелдештин башкы калысы Жаныбек Айталиев билдиргендей, оюндар 13-апрелден 15-апрелге чейин Бишкектеги Арча-Бешик конушундагы 79-мектептин спорт аянтчасында өттү.
Ага сегиз жогорку окуу жайдын командасы катышып, эки топко бөлүнүп ойноду (ОшТУ, ОшМУ, ОГПИ, КМКТАУ ( КГУСТА), КУУ, КМЮА, КМТУ, КМДСА (Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы).
Мелдеш жыйынтыгында Насирдин Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин курама командасы 1-орунду ээледи. Алар финалда Исхак Раззаков атындагы окуу жайдын курама командасын утуп, жеңүүчү болду.
Коло байгени ОшМУ командасы алды. Ал 3-орун үчүн беттеште ОшТУнун командасын 60:35 эсебинде жеңди. Байге ээлерине Республикалык жаштык борбору тарабынан медал, кубок жана спорттук күрмө берилди.
Ордо оюну боюнча универсиаданын оюндары үч лигада - жогорку лигада, 1-лигада жана 2-лигада өтөт. (ECh)