Баткенде “Энелер мектеби” деген эл аралык форум өтүп жатат. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары кабарлашты.
Форумда адегенде ата-энелерди тарбиялоо зарыл экени, өзгөчө энелерге ар тараптуу билим берүү керектиги тууралуу сөз болуп жатат. Жыйынга Кыргызстандын Билим берүү министрлигинин өкүлдөрү, Өзбекстан менен Тажикстандан келген агартуучулар да катышууда.
“Ата-энелер мектеби” курстарын негиздеген баткендик педагог Гапыр Мадаминов да жыйында ата-энелердин тарбиясы тууралуу баяндама жасап жатат.
Мадаминов “Ата-энелер мектебин” 1997-жылы Лейлек районунун Арка айылындагы өзү жетектеген №3 эксперименталдык гимназияда ачкан. Ошондон бери аталган мектепте 500 эне баланы тарбиялоого окутулган. Бул аралыкта жалпы Баткен облусунда 10 миңдей эне бул курска катышып, сертификат алышкан.
Мадаминовдун концепциясынын негизинде 2015-жылы Ош шаарында да “Ата-энелер мектеби” ачылган. Педагог ата-энелерди тарбиялоо боюнча окуу китептерин да жазган. (ErN)