2017-жылы “Коррупция” беренеси боюнча 1037 кылмыш иши козголду. Андан мамлекеттик бюджет 670 млн. сом зыян тарткан. Анын 18,4 млн. мамлекетке кайтарылган. Бул тууралуу бүгүн премьер-министр Сапар Исаков парламенттин үч фракциясында отчет берип жатып билдирди. Анын айтымында, козголгон кылмыш иштеринин 88си сотко өттү.
- “Электрондук куб” деген программаны ишке киргизебиз. Анда "канча кылмыш иши ачылды, канчасы тергелип жатат, канчасы жабылды" деген маалыматты бардык жарандар көрө алат, - деди ал.
Коррупция боюнча козголгон кылмыш иштеринин 112си кыскартылган. 500дөн ашууну боюнча тергөө жүрүүдө.
Жогорку Кеңештеги азчылыкты түзгөн "Ата Мекен", "Өнүгүү-Прогресс" жана "Республика - Ата Журт" фракциялары 2017-жыл үчүн өкмөттүн отчетун угуп жатат. Сапар Исаков жетектеген өкмөт былтыр августта ишке киришкен. Негизинен жаш кадрлардан түзүлгөн өкмөттүн айрым мүчөлөрү быйыл кызматтан түрдүү себептер менен кетти. (КЕ)