Линктер

дүйшөмбү, 23-июль, 2018 Бишкек убактысы 02:39

Ички иштер министри Улан Исраилов өкмөттүн отчетун угуу учурунда “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Наталья Никитенконун суроосуна жооп берип, Улан Саляновдун өлүмүнө байланышкан кылмыш иши иликтенип бүткөнүн билдирди.

- Биз башынан эле киши өлтүрүүдө саясий жүйө жоктугун айтып келебиз. Эки шектүү кармалды. Алардын бирөөнү кармоого жана экстрадициялоого орусиялык кесиптештерибиз жардамдашты. Тергөө уланып жатат. Үчүнчү шектүү кармала элек. Кылмыш ишинин бети ачылды, бирок тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн кененирээк маалымат бере албайм. Куралдар жана өлтүрүү мотиви аныкталды, -деди министр.

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын бир тууган иниси Улан Саляновду былтыр 6-ноябрда белгисиз бирөөлөр Бишкектин четинде жайгашкан Көк-Жар конушундагы жаңы салынган үйүнө курал менен кирип, атып кетишкен. Кандуу окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин "Киши өлтүрүү" беренесинин негизинде иш козголгон.

"Ата Мекен" фракциясы окуяны Салянованын ишмердүүлүгү менен байланыштырып, "саясий негизи бар" деп сыпаттаган. ИИМ кылмышта саясий мотив жоктугун жана ал карактоо максатында болгонун маалымдаган.

Жогорку Кеңештеги азчылыкты түзгөн "Ата Мекен", "Өнүгүү-Прогресс" жана "Республика - Ата Журт" фракциялары өкмөттүн бир жылдык иши үчүн отчетун угуп, суроолорду берип жатышат. Сапар Исаков жетектеген өкмөт былтыр августта ишке киришкен. (ErN)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG