Парламент Сапар Исаков жетектеген өкмөт курамын дээрлик бир добуштан колдоп берген, бирок ал өзү депутаттардын ишеничин актаган жок. Бул тууралуу премьер-министрдин 2017-жылга отчетун кароо учурунда "Республика - Ата Журт" фракциясынын башчысы Жыргалбек Турускулов билдирди.
Депутат өкмөттүн оңунан чыкпай калган аракети катары он чакты ишти санап өттү. Ал өкмөттүн Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу боюнча “Liglass” компаниясы менен ишке ашпай калган келишимин жана “Акылдуу шаар” долбоору боюнча “Huawei” компаниясы менен макулдашуунун үзгүлтүккө учурашын мисал келтирди. Турускулов “Мегаком” компаниясын сатуу аракеттеринин ишке ашпаганын жана Бишкек Жылуулук электр борборундагы аварияны да эске салды. Фракциянын башчысы Балыкчы-Корумду жолунун курулуп бүтпөй калганын, Тогуз-Тородогу кенге байланыштуу чатакка өкмөт жол бергенин сынга алды. Эл өкүлү мындан сырткары коррупция менен күрөш натыйжасыз жүргөнүн жана “Жаңы доорго кырк кадам” программасындагы конкреттүү пункттар аткарылбаганын да белгиледи.
Исаков бул дооматтарга жооп берип жатып, депутат айтып жаткан жагдайлар өкмөттүн 4-5 жылдык ишинин жыйынтыгы экенин, анын ишке келгенине бир жыл боло электигин айтты. Исаковдун сөзүнө караганда “Liglass” компаниясы менен келишимди жокко чыгарууда мамлекет зыян тарткан эмес, инвесторлор дагы эле изделип жатат. Ал “Акылдуу шаар” долбоорун 2-3 жылда ишке ашырууга убада бергенин, анча убакыт өтө электигин билдирди. Өкмөт башчы “Мегаком” боюнча аракеттер жүрүп жатканын белгилеп, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо ал кызматка келгенге чейин жүргөнүн кошумчалады.
Жогорку Кеңештеги азчылыкты түзгөн "Ата Мекен", "Өнүгүү-Прогресс" жана "Республика - Ата Журт" фракциялары өкмөттүн бир жылдык иши үчүн отчетун угуп, суроолорду берип жатышат. Сапар Исаков жетектеген өкмөт былтыр августта ишке киришкен. (ErN)