Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:38

Тармактык комитет өкмөттүн ишин канааттандырарлык деп тапты


Өкмөт үйү.
Өкмөт үйү.

Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат комитети өкмөттүн 2017-жылдагы иши боюнча отчетун карап, канааттандырарлык деп тапты.

Аткарылган иштер тууралуу баяндама жасаган вице-премьер-министр Санжар Муканбетов Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттер менен болгон товар жүгүртүүнүн көлөмү 16% көбөйгөнүн белгилеп, көрсөткүчтөр эл аралык деңгээлде да 1,5% жогорулатылганын кошумчалады.

Ошондой эле бүгүнкү жыйында Жогорку Кеңештин депутаттары Салык кодексине демилгелеген өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушу да колдоого алынды.

Бүгүн Жогорку Кеңештеги азчылыкты түзгөн "Ата Мекен", "Өнүгүү-Прогресс" жана "Республика - Ата Журт" фракциялары өкмөттүн бир жылдык отчетун угуп жатат. Жыйынга премьер-министр Сапар Исаков катышууда. (RK)

XS
SM
MD
LG